Сузакта окуучуну сабаган мугалимди жоопко тартуу сунушталды

Сузакта окуучуну сабаган мугалимди жоопко тартуу сунушталды

“Баланын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фонду Сузак районунда сабак учурунда окуучуну сабаган мугалимди жоопкерчиликке тартууну суранат. Бул тууралуу аталган уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекова Facebook баракчасына жазды.

Бул окуяга байланыштуу ал ички иштер министри Улан Ниязбековдон ишти жеке көзөмөлүнө алуусун өтүнүп, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге балдарга карата зомбулук көрсөтпөө боюнча мугалимдер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранды.

Буга чейин Сузак районунун Сафаров айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте мугалим окуучуну сабап жаткандагы видео социалдык тармакка жайылган.

Акыйкатчы Атыр Абдырахматова Сузактагы мугалимден ур-токмокко кабылган окуучу кыз боюнча Фейсбуктагы баракчасы аркылуу ой-пикирин билдирип, мугалимди жоопкерчиликке тартылышы керектигин билдирген. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сузак

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>