Бишкекте шаар тургунун уурдоого шектелип үч жигит кармалды (видео)

Бишкекте шаар тургунун уурдоого шектелип үч жигит кармалды (видео)

Бишкекте адам уурдоого шектелип 3 жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 4-июнда Жал кичирайонунда 4 жигит шаар тургунун күч менен унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кеткен. Андан сон коркутуп, iPhone телефонун күрөөканага 38,5 миң сомго калтырууга мажбурлап, акчаны алып кетип калышкан. Бул окуядан кийин жабырлануучу милицияга арыз жазган. Жабырлануучу аны уурдагандардын үчөөнү таанычу.

Бул факт боюнча «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 18 жаштагы А.С., 19 жаштагы Б.А. жана 22 жаштагы К.Т. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда бул ишке тиешеси бар төртүнчү адамды издеп, кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Иликтөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>