Шакиранын Бишкектеги концерти экономикага 30 миллион доллар киреше алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодоТокмокто улгайган аялды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы эркек киши кармалдыКР Министрлер кабинети алюминий сыныктарын, анын ичинде ЕАЭБге чыгарууга тыюу салууну сунуштоодо
Бишкекте жеке унааларга автобус тилкелеринде белгиленген убакта жүрүүгө уруксат берилет
10.09.2026 | 12:14

Бишкек шаарында жеке унааларга коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелер менен белгиленген убакта жүрүүгө уруксат берилет. Мындай чечим калаа мэриясынын жолдор боюнча штабынын жыйынында кабыл алынды.
Жаңы эрежеге ылайык, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө чейин жеке автоунаалардын аталган тилкелерге кирүүсүнө тыюу салынат. Ал эми саат 20:00дөн эртең мененки 08:00гө чейин, ошондой эле ишемби жана жекшемби күндөрү жеке унаалардын жүрүүсүнө уруксат берилет. Бул тартип жол белгилери орнотулуп, кыймылды уюштуруу схемалары өзгөртүлгөндөн кийин күчүнө кирет.
Мындан тышкары, бөлүнгөн тилкелерде эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу рейддер өткөрүлөрү маалымдалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом