Кыргызстанда уруксатсыз сөөк койгондорду үч жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда — мыйзам долбоору

Кыргызстанда көрүстөндөргө өзүм билемдик менен (уруксатсыз) сөөк коюу, кошуп көмүү, ошондой эле тийиштүү уруксаты жок сөөктү казып алуу (эксгумациялоо) жана кайра көмүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда.
Мыйзам долбоору ченемдик укуктук актыларды коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды.
Өзгөртүүлөрдү КР Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине киргизүү жана аны сөөк коюу тартибин бузгандыгы үчүн өзүнчө кылмыш жоопкерчилигин белгилеген жаңы бөлүк менен толуктоо сунушталып жатканы такталды.
Учурда аталган берене маркумдун сөөгүн кордоо, сөөк коюлган жерди же мүрзө үстүндөгү курулмаларды жок кылуу, зыянга учуратуу же кордоо, ошондой эле мүрзөдөгү же анын үстүндөгү буюмдарды уурдоо үчүн жоопкерчиликти карай турганы белгиленет.
Бул үчүн 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салуу, алты айдан бир жылга чейин эркиндигин чектөө же 40тан 100 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу каралган. Бул ченемди өзгөртүүсүз калтыруу сунушталууда.
Ал эми жаңы жаза көрүстөндүн аймагына мыйзамда белгиленген тартипте жер тилкеси берилбесе, маркумдун денесин же сөөк калдыктарын өзүм билемдик менен коюу же кошуп көмүү үчүн киргизилүүдө.
Ушундай эле жоопкерчилик жабык көрүстөндөрдүн аймагына сөөк койгондук үчүн да каралат.
Мындан тышкары, сөөк коюу жана маркумду узатуу иши жаатындагы мыйзамдарда каралган уруксаты жок маркумдун сөөгүн өзүм билемдик менен казып алууну (эксгумациялоону) жана кайра көмүүнү да аталган берененин карамагына киргизүү сунушталууда.
Бул мыйзам бузуулар үчүн төмөнкү жазалардын бирин белгилөө сунушталууда:
- 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул;
- 80ден 200 саатка чейин коомдук жумуштар;
- үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу.
Мыйзам кабыл алынган учурда, расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Анара Мамытова