Бишкекте оңдолгон имараттардын фасадын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салындыУлуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактады: инфляция 10,8%га чейин төмөндөдү«Кумтөрдүн» тогуз айдагы кирешеси 1 млрд доллардан ашып, таза пайдасы 548 млн долларды түздүРухий-Мурас, Тунгуч, Кырман: Бишкектин бир катар конуштарында 28-октябрда суу өчүрүлөт27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло утту
Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши убактылуу жабылат
22.06.2026 | 12:06

24-июндан тарта Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши жабылып, унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Чектөө аталган кесилиште жаңы транспорттук түйүн жана көпүрө куруунун экинчи этабына байланыштуу киргизилет. Долбоордун биринчи этабында Бакаев көчөсүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин узартуу иштери аткарылган.
Мэрия айдоочуларды жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек