Садыр Жапаров «Борбордук Азия – Корея Республикасы» биринчи саммитине катышууда

Бүгүн, 16-сентябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сеул шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азия – Корея Республикасы» биринчи саммитине катышып жатат. Саммитке ошондой эле Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кореянын президенттери катышууда.
Саммиттин жүрүшүндү Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бул иш-чара мамлекеттердин стратегиялык өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүдө жаңы барак ачып жатканын билдирди. Ал Борбордук Азиянын ресурстук жана транзиттик жайгашуусу Кореянын технологиялык жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү менен толукталарын айтты.
Ошондой эле ал эки тараптуу жана аймактык мамилелерге токтолуп: «Азыркы этаптагы негизги милдет – жогорку саясий ишенимди узак мөөнөттүү экономикалык жана технологиялык өнөктөштүккө өткөрүү», — деп билдирди.
Мындан тышкары Садыр Жапаров бир катар багыттар боюнча сунуштарын берди. Анын ичинде Тышкы иштер министрлеринин жолугушууларынын координациялоочу ролун күчөтүү, инвестициялар боюнча мамлекеттик мекемелердин кеңешин түзүү жана биргелешкен инвестициялык фонд уюштуруу боюнча сунуштар бар. Ошондой эле санариптештирүү жана жасалма интеллект багытында пилоттук технологиялык аянтчалардын тармагын түзүүнү сунуштады.
Президент климаттык күн тартибинин алкагында тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугу боюнча өнөктөштүк түзүү демилгесин да көтөрүп, саммиттин катышуучуларын 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» Глобалдык тоо саммитине чакырды.
Мындан тышкары Садыр Жапаров адам капиталын өнүктүрүүгө токтолду. Ал билим берүү программаларын, академиялык алмашууларды жана биргелешкен изилдөөлөрдү кеңейтүү менен бул жаатты кызматташтыктын системаны түзүүчү багытына айландырууга чакырды.
«Жарандардын билимин, кесиптик жөндөмдөрүн жана таланттарын өнүктүрүүгө салынган инвестициялар өлкөлөрүбүздүн технологиялык жаңылануусунун, туруктуу экономикалык өсүшүнүн жана узак мөөнөттүү атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн бекем негизи болууга тийиш», — деп баса белгиледи ал.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров саммиттин жыйынтыгы менен кабыл алына турган Сеул декларациясы кызматташтыкка жаңы дем берерин билдирди.