Бишкекте алгачкы фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушу башталды

16.09.2026 | 12:03
Бишкекте алгачкы фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушу башталды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушу башталды. Объект эл аралык GDP (Good Distribution Practice) талаптарына ылайык 7,1 гектар жерге салынат. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Долбоорду ишке ашырууга Турукташтыруу фондунан 650 млн сом бөлүнгөн. Комплекс дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды кабыл алуудан тарта ооруканаларга жеткирүүгө чейинки аралыкта алардын сакталышын жана бөлүштүрүлүшүн камсыздоо максатында курулууда. Бул логистикалык база өндүрүүчүлөр менен түз иштешүүгө жана ортомчуларды кыскартууга багытталган.

Бишкекте алгачкы фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушу башталды — иллюстрация

Бүгүн, 16-сентябрда, курулушту баштоого мезгил кутусун салуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Ал өз сөзүндө өлкөдө мамлекеттик деңгээлдеги мындай логистикалык комплекс биринчи жолу салынып жатканын белгиледи.

"Эл аралык талаптарга жооп берген өз логистикалык базабыз болсо, ири дары өндүрүүчүлөр менен түз жана узак мөөнөттүү иштөөгө мүмкүнчүлүк ачылат. Биздин багыт так: ортомчуларды азайтуу, мүмкүн болушунча өндүрүүчүгө түз чыгуу”, – деди Минкаб төрагасы.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев саламаттыкты сактоо тармагын каржылоо көрсөткүчтөрүнө токтолду. Анын айтымында, 2021-жылы тармакка 26 млрд сом бөлүнсө, 2026-жылы 69,9 млрд сомго жетти. Мунун ичинен дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды каржылоого 2021-жылы 100 млн сом бөлүнгөн болсо, 2026-жылы 6,8 млрд сом каралган.

Scroll to Top