«Кыргызстан Кореяны артыкчылыктуу өнөктөш катары карайт»: Садыр Жапаров президент Ли Чжэ Мён менен жолукту

16.09.2026 | 11:33
Садыр Жапаров Сеул шаарында Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 16-сентябрда, өлкө башчы Садыр Жапаров Сеул шаарында Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен жолугуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы өнөктөштөрдүн бири деп атап, өлкөлөр ортосунда саясий пикир келишпестиктер жок экенин айтты.

Ошондой эле ал Кыргызстанда биргелешкен медициналык борбор түзүүнү, визалык режимди жеңилдетүү механизмдерин карап чыгууну, кыргыз товарларын Кореянын рынокторуна экспорттоону сунуштады.

Өз кезегинде президент Ли Чжэ Мён 1992-жылы эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери байланыштар өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады. Ал инвестициялык агенттиктердин ортосундагы байланышты бекемдөө жана инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине токтолду.

Мындан тышкары эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоо максатында Садыр Жапаров Ли Чжэ Мёнгө эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата Кыргызстанга расмий сапар менен келүүнү сунуштады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу жана эл аралык деңгээлде кызматташтыкты улантуу ниетин тастыкташты.

Scroll to Top