БУУнун Кыргызстандагы координатору Антье Граве өлкөдөгү миссиясын аяктады

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравенин өлкөдөгү төрт жылдык иш мөөнөтүнүн аяктады. Буга байланыштуу бүгүн, 16-сентябрда. Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Антье Граве менен жолугуп, мекеменин медалын тапшырды.
Жолугушууда тараптар калкты социалдык коргоо, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эмгек миграциясы багытында биргелешип аткарылган иштердин натыйжаларын талкуулашкан.
Алмаз Имангазиев Антье Гравеге Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы, ошондой эле социалдык коргоону бекемдөөгө багытталган демилгелерди колдогону үчүн ыраазычылык билдирген.
Өз кезегинде Антье Граве министрлик менен БУУнун ортосундагы байланыштарды улантуу зарылдыгын айткан.