«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылды
09.09.2026 | 16:26

«Кең-Сай» контролдук-өткөрмө пунктунун инспекторлору 9-сентябрда Пакистандан келген жалпы салмагы 19 645 килограммды түзгөн айыл чарба продукциясынын партиясын жөнөтүүчүгө кайтарышты. Жүктүн курамында 18 900 килограмм күрүч жана 745 килограмм куркума болгон.
Өлкөгө киргизүүдөн баш тартууга товарлардын таңгактарында маркалоонун жоктугу себеп болгон, бул Кыргыз Республикасынын фитосанитардык талаптарын бузууга жатат.
Жүктүн баары мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлбөй, артка чыгарылды. Көзөмөлдү Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жүргүздү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: минсельхоз