Кыргызстанда ажырашкандан кийин мурдагы жубайын үй менен убактылуу камсыздоого милдеттендирүү каралуудаУКМК «НЭСКтин» эки кызматкерин пара алуу боюнча кармадыКыргызстанда шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун улуттук программасы бекитилдиКыргызстанда 2027-жылдан тарта социалдык жөлөкпулдарды көбөйтүү сунушталууда — кимдерге жана канчага?Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаңы окуу имараттары жана спорттук жайлар ачылдыБишкек мэриясы газонго токтогон жана унаадан соода кылгандарды эвакуациялоону сунуштоодо
Бишкекте терезенин темир торуна кыпчылып калган адам куткарылды
28.04.2021 | 11:43
Бишкекте терезенин темир торуна кыпчылып калган адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, куткаруу кызматына Улан-2 кичи районунда жайгашкан үйдүн биринчи кабатындагы батирдин терезесиндеги торго адам кыпчылып калганы тууралуу маалымат түшкөн. Жеринде куткаруучулар тарабынан жана дарыгерлердин көзүнчө эркек киши атайын шаймандардын жардамы менен бошотулган. Аталган жаран медициналык жардамга муктаждыгы болгон эмес.
Окуянын чоо-жайын милиция иликтөөдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом