Бишкек мэриясы газонго токтогон жана унаадан соода кылгандарды эвакуациялоону сунуштоодо

Кыргызстанда унааларды айып токтотмолоруна (штрафстоянка) мажбурлап эвакуациялоого негиз болгон эреже бузуулардын тизмесин кеңейтүү сунушталууда. Бишкек шаарынын мэриясы тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, колдонуудагы мыйзамдар эреже бузуу менен токтотулган автоунаалардан жолдорду, газондорду жана муниципалдык унаа токтотуучу жайларды ыкчам бошотууга дайыма эле мүмкүндүк бербейт.
Бул маселе туура эмес токтотулган унаалар транспорттун, анын ичинде автобустардын кыймылына тоскоолдук жаратып, тыгындарды күчөтүп жаткан Бишкек шаары үчүн өзгөчө актуалдуу. Ошол эле учурда «Токтоого тыюу салынат» же «Токтоп турууга тыюу салынат» белгилери менен бирге «Эвакуатор иштейт» деген табличканын болушу азырынча унааны эвакуациялоого өз алдынча негиз боло албайт.
Дагы бир көйгөй — унааларды газондорго жана башка жашылдандырылган аймактарга токтотуу. Мыйзам долбоорун иштеп чыккандардын пикиринде, айып пулдар эреже бузууну токтотууга дайыма эле жардам бербейт: эгер айдоочу ордунда жок болсо, унаа газондо тура берет жана жашыл бак-дарактарга зыян келтириши мүмкүн.
Унаалардан мыйзамсыз соода кылууга да өзгөчө көңүл бурулууда. Бишкекте мындай көрүнүштөр муниципалдык унаа токтотуучу жайларда жана коомдук жайларда, анын ичинде Ала-Тоо аянтында катталууда.
Учурда белгиленбеген жайларда соода кылгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган, бирок ушул негизде гана унааны эвакуациялоого болбойт. Натыйжада, айып пул салынгандан кийин деле унаа ошол жерде кала берет.
Мындан тышкары, демилгечилер муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду төлөмсүз узак убакыт бою ээлеп, башка айдоочулардын бош орундарды пайдалануусуна тоскоолдук жараткан унааларга көңүл бурушат.
Кайсы эреже бузуулар үчүн унааларды эвакуациялоо сунушталууда?
Мыйзам долбооруна ылайык, төмөнкү учурларда унааны атайын токтотмого жөнөтүүгө болот:
• атайын жабдылган унаа токтотуучу орундарды кошпогондо, газонго, жашыл аянтчага же жашылдандырууга арналган башка аймакка токтотулса;
• «Эвакуатор иштейт» деген табличка бар болгон учурда «Токтоого тыюу салынат» же «Токтоп турууга тыюу салынат» белгилеринин таасир этүүчү аймагында калтырылса;
• белгиленбеген жерде, анын ичинде муниципалдык унаа токтотуучу жайда же коомдук мейкиндикте соода кылуу үчүн пайдаланылса;
• белгиленген мөөнөт ичинде муниципалдык акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайда акысы төлөнбөй тынымсыз турса.
Ошол эле учурда, мыйзам долбоорунда унааны эвакуациялоого негиз боло турган төлөнбөгөн токтоп туруунун так мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Ал өзүнчө ченемдик укуктук актылар менен аныкталышы керек.
Акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды көзөмөлдөө кандайча өзгөрөт?
Мыйзам долбоору ошондой эле муниципалдык унаа токтотуучу жай үчүн акы төлөбөөгө байланышкан эреже бузууларды аныктоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Учурда Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 192¹-беренеси акы алуунун жана убакытты эсепке алуунун автоматташтырылган системасы бар болгон учурда төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчиликти карайт.
Иштеп чыгуучулардын пикири боюнча, мындай формулировка эки ача чечмелөөгө жол берет, анткени айдоочулар акчаны автоматтык түрдө эсептен чыгаруу аркылуу гана эмес, унаа токтотуу акысын ар кандай жолдор менен төлөй алышат.
Ошондуктан, төлөм ыкмасына карабастан, атайын техникалык каражаттар аркылуу унаа токтоп турган убакытты автоматтык түрдө эсепке алууну жана мыйзам бузууларды каттоону караштыруу сунушталууда.
Муниципалдык унаа токтотуучу жай үчүн төлөбөгөндүккө каралган айып пулдардын өлчөмүн өзгөртүү сунушталган жок. Алар мурдагыдай эле жеке жактар үчүн 10 эсептик көрсөткүчтү (1000 сом), юридикалык жактар үчүн 50 эсептик көрсөткүчтү (5000 сом) түзөт.
Эреже бузууларды мобилдик жана тагынып жүрүүчү түзүлүштөр каттай алат
Мыйзам долбоорунун дагы бир бөлүгү укук бузууларды автоматтык түрдө каттоого тиешелүү.
Учурда мыйзамдар атайын өлчөөчү приборлорду колдонууну карайт, бирок иштеп чыгуучулардын айтымында, колдонуудагы ченемдер заманбап технологияларды толук өлчөмдө эске албайт.
Мэрия фото жана видео жазуу функциялары бар стационардык, мобилдик жана тагынып жүрүүчү аппараттык-программалык комплекстерди колдонууга уруксат берүүнү сунуштайт.
Мындай түзүлүштөр адамдын түздөн-түз катышуусуз эле эреже бузууларды автоматтык түрдө каттап, автоунаалардын мамлекеттик номерлерин тааный алат. Бул учурда алар тиешелүү автоматташтырылган маалыматтык системаларга туташтырылышы зарыл.
Мындан тышкары, фото жана видеофиксация тууралуу эскертүүчү жол белгилерин орнотуу талаптарын өзгөртүү сунушталууда.
Учурда мындай техникалык каражаттарды колдонуу (ыйгарым укуктуу органдын атайын унааларына жана башка каражаттарына орнотулгандардан тышкары) тиешелүү жол белгилерин милдеттүү түрдө орнотууну талап кылат.
Жаңы эрежелер боюнча белгилерди орнотуу зарылдыгы мыйзамдар менен аныкталат.
Кимдер жоопкерчиликке тартылат?
Түзөтүүлөр автоматтык системалар тарабынан катталган мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу тартибин да тактайт.
Долбоорго ылайык, мындай учурларда унаалардын менчик ээлери же ээлик кылуучулары жоопкерчилик тартат. Бирок, эреже бузуу жасалганга чейин автоунаа башка адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында анын ээлигинен же пайдалануусунан чыгып кеткени текшерүү менен тастыкталса, ээси жазадан кутула алат.
Мындан тышкары, эреже бузуу автоматтык түрдө катталган учурда протокол түзүлбөй, токтом эреже бузуучунун катышуусуз чыгарыла турган учурлардын тизмесин кеңейтүү сунушталууда.
Токтомдорду тариздөө үчүн мамлекеттик маалыматтык системалардын, реестрлердин жана расмий базалардын маалыматтары, ошондой эле мыйзам бузууну тастыктаган фото жана видеоматериалдар колдонулушу мүмкүн.
Анара Мамытова