Кыргыз улуттук драма театрынын 100 жылдыгына карата атайын мастер-класстар өтөт

27–30-октябрь күндөрү Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында атайын мастер-класстар өткөрүлөт. Иш-чара аталган театрдын 100 жылдыгына байланыштуу уюштурулууда. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Мастер-класстар тажрыйба алмашуу, актёрдук чеберчиликти жогорулатуу жана театрдын заманбап ыкмаларын өздөштүрүү максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын программасы актёрдук чеберчилик, сахналык машыгуу, этюддар менен иштөө, драмалык чыгармаларды талдоо жана саундрама багыттарын камтыйт.
Мастер-класстардын программасы:
- 27-октябрь: КРдин эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров «Тренинг жана муштра» темасында мастер-класс өткөрөт;
- 28-октябрь: КРдин эл артисти, театр жана кино режиссёру Нурлан Асанбеков «Этюддар» темасы боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт;
- 29-октябрь: Казакстандын маданият ишмери, театр режиссёру Баатырбек Шамбетов «Драманы анализдөө» темасында сабак өтөт;
- 30-октябрь: театр актрисасы, режиссёр жана педагог Айнура Качкынбек кызы «Саундрама» багыты боюнча мастер-класс өткөрөт.
Мастер класстар саат 09:00дөн 10:30га чейин өтөт. Ал театр имаратынын №12 кабинетинде (Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 230) өтөт. Катышууга театр кызматкерлери, актёрлор, режиссёрлор, студенттер жана жана бардык каалоочулар чакырылат.