Кыргызстанда ажырашкандан кийин мурдагы жубайын үй менен убактылуу камсыздоого милдеттендирүү каралууда

Кыргызстанда ажырашкандан кийин үйдүн ээси мурдагы жубайын убактылуу баш калкалоочу жай же батирдин ижара акысы менен камсыздоого милдеттендирилиши мүмкүн. Турак жай жана Үй-бүлө кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.
Долбоорду Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган он депутат демилгеледи.
Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, нике бузулгандан кийин сот аркылуу үйдүн менчик ээсине эки жолдун бири милдеттендирилет:
- Өзүнүн үйүнөн мурдагы жубайына сот аныктаган мөөнөткө чейин убактылуу жашап турууга орун берүү;
- Же болбосо башка жактан турак жай таап, анын ижара акысын төлөп берүү.
Сот чечим чыгарууда тараптардын каржылык абалы, ден соолугу жана балдардын бар экени эске алышы керек. Ошондой эле сунушталып жаткан мыйзам үй ээсин турак жайга болгон менчик укугун тартып албайт, болгону аялуу тарапка өткөөл мезгилде баш калкалоочу жай таап алууга убакыт берет.
Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору нике бузулганда, өзгөчө жашы жете элек балдары менен калган жубайдын (көпчүлүк учурда энелердин) турак жай укугун коргоого багытталган.
Долбоордун негиздеме-маалым катында белгиленгендей, өлкөдө ажырашуулардын саны өсүүдө: 2024-жылы 13 397 ажырашуу катталса, 2025-жылы бул көрсөткүч 14 210го жеткен. Нике бузулгандан кийин балдар көбүнчө энеси менен калып, үй эркекке же анын туугандарына таандык болгон учурларда аялдар балдары менен көчөдө калууда. Ал эми азыркы тапта колдонулуп жаткан мыйзамдарда сотко менчик ээсин мурдагы жубайын убактылуу турак жай менен камсыз кылууга милдеттендирүүчү укуктук негиз каралган эмес.