Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаңы окуу имараттары жана спорттук жайлар ачылды

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде бир нече окуу жана спорттук имараттар курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, университеттин аймагында 1150 орундуу илимий-изилдөө институту, 1200 орунга ылайыкталган беш кабаттуу окуу имараты ачылды. Ошондой эле 500 орундуу ашкана, үч кабаттуу спорт залы жана спорттук аянтча пайдаланууга берилди. Министрлик имараттар өздүк каражаттарга курулганын билдирди.
Ачылыш аземге илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова катышып, окуу корпустарынын ачылышы өлкөдөнүн жогорку билим берүүсүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин белгилеген.
«Заманбап инфраструктура сапаттуу билим алууга, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана келечекте Кыргызстанды өнүктүрүүгө татыктуу салым кошо турган квалификациялуу адистерди даярдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт», — деген Гүлзат Исаматова.