Садыр Жапаров алгачкы жолу Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолугуштуӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке сапар менен келдиКөчмөндөр оюндары: Журналисттер ачылыш аземинин алдында уюштуруучулук кыйынчылыктарга туш болуштуВице-президент Во Тхи Ань Суан: Кыргызстан — Вьетнамдын Борбордук Азиядагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшүТажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке сапар менен келдиКыргызстан АКШдан КР жарандары үчүн визалык депозитти кайра карап чыгууну өтүндү
Бишкекте тургундан 42 миң доллар алып, алдап кеткен шектүү кармалды
23.09.2024 | 13:16
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 8-сентябрда милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл июлда шаардагы базарлардын биринде С. аттуу чала тааныш жигит кирешесин көбөйтүп берем деп 42 миң доллар алып, ошону менен жок болуп кеткен.
Аталган факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 25 жаштагы Б.С. аттуу жаран кармалган.