Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болду
Бишкекте жаңыланган «Ак-Кеме» мейманканасынын ачылышы болду
24.08.2026 | 11:29

Бүгүн, 24-августта, Бишкек шаарында жаңыланган «Ак-Кеме» мейманканасынын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөдү.
Президенттин айтымында, мейманкана 2023-жылы Президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлгөн. Ага чейин объект боюнча түрк ишкерлери менен Нью-Йорктун сотунда талаш жүрүп, Кыргызстандын карызы 30 млн долларга чейин жеткен. Өлкө башчы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында карыз 6,5 млн долларга чейин азайтылып, имарат боюнча соттук доолор алынганын билдирди.

"Биздин колго тийгенден кийин, толук башы ачылгандан кийин, инвесторго биз 15 жылга ижарага бердик. “Мына салгын, 3 жылдыздуу отель эле, 5 жылдыздуу кылып салгын дагы, 15 жыл колдонгун, анан 15 жылдан кийин 100% бизге өткөрүп бергин”, - деп келишип, ошентип өткөрүп бергенбиз.
Жөн эле 15 жыл колдонбойт, жөн эле арендага берип коюп, 15 жыл карап отурбайбыз. Бүгүнкү күндөн баштап айына 60 миң доллардан мамлекетке аренда төлөп турат"-деп билдирди өлкө башчы.
Жаңыланган «Ак-Кеме» мейманканасы 174 номерден турат. Анда конференция залдары, ресторандар, спорттук жана эс алуу инфраструктурасы түзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: мейманкана, Садыр Жапаров