Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке сапар менен келди
31.08.2026 | 15:29

Кыргызстанга жумушчу сапар менен келген Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевди «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алышты. Аба майданынан коңшу мамлекеттин лидерин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Шавкат Мирзиёев ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына, «ШКУ плюс» форматындагы саммитке жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат. Келгенден кийин кадырлуу конокко Оюндардын тумарына айланган ак илбирстин жумшак оюнчугу түрүндөгү эстелик белек тапшырылды.
Теги: Өзбекстан