Садыр Жапаров алгачкы жолу Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолугушту

31.08.2026 | 15:48
Садыр Жапаров алгачкы жолу Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолугушту — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 31-августта, өлкө башчы Садыр Жапаров Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулит менен жолугушту. Тхонглун Сисулит Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн келген.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров бул жолугушуу өзгөчө тарыхый мааниге ээ экенине токтолуп, Кыргызстан менен Лаостун ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки эки мамлекеттин башчыларынын биринчи жолугушуусу болуп жатканын айтты.

Ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери менен байланыштарды чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын багыттарынын бири экенин белгиледи. Мындан улам Кыргызстан Лаос менен эки тараптуу деңгээлде, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Жолугушууда ар кандай деңгээлдерде үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга жана кыргыз-лаос кызматташтыгынын бекем пайдубалын түптөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Scroll to Top