Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке сапар менен келди
31.08.2026 | 14:40

Кыргызстанга жумушчу сапар менен келген Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Аба майданынан кадырлуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Тажик лидери ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин юбилейлик саммитине, «ШКУ плюс» форматындагы жолугушууга, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн келди. Салтка ылайык, конокко Оюндардын расмий символу болгон ак илбирстин жумшак оюнчугу тартууланды.
Эске салсак, 2026-жылы Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылууда жана Бишкекте өтүп жаткан саммит уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган.
Теги: Таджикистан