Вице-президент Во Тхи Ань Суан: Кыргызстан — Вьетнамдын Борбордук Азиядагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү

Бүгүн, 31-августта, өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстанга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана “ШКУ+” жолугушуусуна катышуу үчүн келген Вьетнам Социалисттик Республикасынын вице-президенти Во Тхи Ань Суан менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, туристтик жана маданий-гуманитардык багыттарда кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары тараптар маданий-гуманитардык байланыштардын жана туризмдин элдер ортосундагы достукту бекемдөөдөгү маанисине токтолушту. Садыр Жапаров аталган тармактарда байланыштарды чыңдоого кызыкдарлыгын билдирди.
Өз кезегинде Во Тхи Ань Суан Кыргызстанды Вьетнамдын Борбордук Азиядагы өнөктөшү деп атады. Ал эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, негизги багыттар боюнча биргелешкен ишти активдештирүүгө чакырды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда энергетика жана шаардык инфраструктура долбоорлорун ишке ашырып жаткан вьетнамдык “Рокс Груп” компаниясынын ишин атап өттү.
Жолугушуунун алкагында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Рокс Груп” компаниясынын жетекчиси Чань Ань Туан “Достук” ордени менен сыйланды.