Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Бишкекте үч кытай тасмасы акысыз көрсөтүлөт
25.08.2026 | 15:26

Бүгүн, 25-августта Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында Кытайдын үч тасмасы акысыз көрсөтүлөт. Көрсөтүүлөр «Жибек жолу киноракурста» кинофестивалынын экинчи бөлүгүнүн алкагында өтөт.
Көрүүчүлөргө «Жансакчы», «Пегасус — 3» жана «Бактылуу поезд» тасмалары тартууланат. Биринчи сеанс саат 10.30да башталып, көрсөтүүлөр кечке чейин уланат.
Бардык тасмалар орус тилиндеги субтитрлер менен көрсөтүлөт.
«Ала-Тоо» кинотеатры Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 53 дарегинде жайгашкан. Бардык сеанстарга кирүү акысыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом