Эксклюзив

Кыргызстандыктардын жашоосун өзгөртө турган ШКУнун 5 долбоору — экономисттин пикири

25.08.2026 | 15:42
Пять проектов ШОС, которые могут изменить жизнь кыргызстанцев — мнение экономиста — Новости Кыргызстана

2026-жылдын 31-августу жана 1-сентябрында Бишкекте «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө биргеликте» ураанынын алдында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Уюмга учурда төрагалык кылып жаткан Кыргызстан саммиттин күн тартибин жөн гана билдирүүлөр менен чектебестен, транспорт, энергетика, санарип экономика, жасалма интеллект, жашыл энергетика, инвестиция жана өнөр жай тармагында конкреттүү чечимдер менен толуктоону көздөп жатат. Талкууланып жаткан ири долбоорлордун кайсынысы кыргызстандыктардын күнүмдүк жашоосуна чындап таасир эте алат? Бул тууралуу экономист Искендер Шаршеев Reporter.kg басылмасына берген маек куруп, ТОП-5 долбоорду атады.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу

Күн тартибиндеги негизги долбоорлордун бири — 4,7 млрд долларга бааланган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Долбоордогу Кытайдын үлүшү 51 пайыз, Кыргызстан менен Өзбекстандын үлүшү 24,5 пайыздан. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат, тоннелдер казылып, көпүрөлөр курулууда. Долбоорду ишке ашырууга миңдеген адам тартылган.

«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун ишке ашырылышы Кыргызстанды деңизге чыга албаган өлкөдөн Евразиядагы маанилүү транзиттик борборго айландырууга мүмкүнчүлүк берет», — деп эсептейт Шаршеев.
Пять проектов ШОС, которые могут изменить жизнь кыргызстанцев — мнение экономиста — Новости Кыргызстана

Анын айтымында, темир жол жаңы жумуш орундарын түзүп, өлкөгө транзиттен түшкөн кирешени көбөйтөт. Ошондой эле товарларды экспорттоо жана импорттоо тез жана арзан болот. Мындан тышкары, темир жол өткөн аймактарда өнөр жай, айыл чарба, туризм жана тейлөө тармактарынын өнүгүшүнө түрткү берет.

ШКУнун Өнүктүрүү банкы

Экинчи демилге — ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү. Бул банк ири долбоорлорду каржылоого жардам бере турган атайын каржы институту болмокчу. Кыргызстан мындай банктын түзүлүшүн колдоп келет. Анын жардамы менен жол, энергетика жана өнөр жай сыяктуу маанилүү долбоорлорго каражат тартууга болот.

Мындан тышкары, тышкы каржы уюмдарынан көз карандылык азайып, чакан жана орто бизнести каржылоого мүмкүнчүлүк көбөйөт.

Гидроэнергетика: Камбар-Ата жана Куланак ГЭСтери

Саммитте жашыл энергетика жана гидроэнергетика маселелерине да өзгөчө көңүл бурулат. Анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСи, Куланак ГЭСи жана башка ири энергетикалык долбоорлор бар.

Шаршеевдин айтымында, бул долбоорлор ишке ашса, өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгы азаят. Калкты жана ишканаларды электр энергиясы менен камсыздоо да жакшырат. Ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүлөт. Келечекте Кыргызстанда электр энергиясы көбүрөөк өндүрүлүп, анын ашыкча бөлүгүн коңшу өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк пайда болушу мүмкүн.

Транспорттук-логистикалык инфраструктура

Төртүнчү багыт — транспорт жана жүк ташуу инфраструктурасын өнүктүрүү.

Бул багытта «Бедел» өткөрмө пунктун ачуу, Барскоон — Бедел унаа жолун куруу, логистикалык борборлорду түзүү жана чек арадан өтүүдө, бажыда документ иштерин жөнөкөйлөтүү каралууда.

Экономисттин айтымында, бул чаралар сооданы тездетип, жүк ташуу чыгымдарын азайтууга жана өлкө аркылуу өтүүчү жүктөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет. Мындан өзгөчө чек арага жакын аймактардагы ишкерлер пайда көрүшү мүмкүн. Анткени жолдор жана соода үчүн шарттар жакшыра турган болсо, жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрү да көбөйөт.

Санариптик экономика жана жасалма интеллект

Бешинчи багыт — санариптик экономика, жасалма интеллект, маалыматтык технологиялар жана заманбап өнөр жай.

Күн тартибинде санариптик сооданы жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү, Жогорку технологиялар паркын кеңейтүү, ШКУнун текстиль кластерин түзүү, фармацевтикалык өндүрүштөрдү жана медициналык туризмди өнүктүрүү сыяктуу долбоорлор бар.

Кыргызстан үчүн бул IT кызматтарын жана сапаттуу, кошумча наркы жогору товарларды чет өлкөгө сатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле инвестиция тартылып, стартаптар колдоого алынып, жаштар үчүн жакшы кесиптер боюнча жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүлөт.

Бул долбоорлор канткенде ишке ашат жана ал үчүн эмне кылуу керек?

Шаршеевдин айтымында, экономикага эң тез жана байкаларлык таасирди Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу бере алат.

Ал эми ШКУнун Өнүктүрүү банкы жана энергетикалык долбоорлор өлкөнүн экономикасын узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө керектүү каражат жана мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

«Чыныгы өзгөрүүлөр саммитте эмне деп айтылганына эмес, жетишилген макулдашуулар канчалык тез ишке ашарына жараша болот», — деп белгилейт экономист.

Кыргызстан Бишкектеги саммитте өзүн жөн гана каржылык жардам алган өлкө катары эмес, аймактагы кызматташтыкка активдүү катышкан жана өлкөнүн экономикасын, ошондой эле элдин күнүмдүк жашоосун өзгөртө турган конкреттүү долбоорлору бар мамлекет катары көрсөтүүнү көздөп жатат.

Теги: ШКУ
Scroll to Top