Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Бишкекте унаадан акча уурдоого шектүү кармалды
25.04.2023 | 10:06
Бишкекте уурулук кылганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-апрелде милицияга А.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, ошол күнү болжол менен саат 16:20да Бейшеналиева менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран анын унаасынан капчыгын уурдап кеткен. Анын ичинде 29 миң 190 сом болгон.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Ы.А. аттуу жаранды кармаган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз