Бишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады«Кирешелүү тармактарды монополия кылып алышкан» — Орунбеков «Манастын» мурдагы жетекчилиги тууралууКМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видео
Бишкекте уй эти 680 сомдон сатылууда — даректери
17.09.2026 | 15:53

Бишкек шаарында «Кыргыз Агрохолдинг» ААК тарабынан уюштурулган уй этин социалдык баада сатуучу соода түйүндөрү ишин улантууда.
17-сентябрга карата сөөктүү уй этинин бир килограммы 680 сомдон сатылууда.
Фудтрактардын (көчмө соода түйүндөрүнүн) даректери:
- «Аламүдүн-1» конушу, 7/1, Сагынбай Манасчы көчөсү (чыгыш тараптагы унаа токтотуучу жай);
- «Көк-Жар» кичи району, 3/1 (жанаша жайгашкан унаа токтотуучу жай);
- 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
- Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилиши («Берекет Универсал» базарынын батыш тарабындагы унаа токтотуучу жай);
- «Тунгуч» кичи району («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
- «Орто-Сай» базары («Оберон» унаа токтотуучу жайы);
- Гагарин жана Космическая көчөлөрүнүн кесилиши («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
- Ленин көчөсү, 135;
- Төмөнкү Жал кичи району, Тыналиев көчөсү («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
- Москва жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши.
Теги: минсельхоз