Чүйдө эки жаран ишкерлерден 100 миң доллар опузалоого шектелип кармалыштыМСК төрагасы Шыкмаматов Казакстандын элчиси Скаков менен жолуктуҮч-Коргон ГЭСинде төрт гидроагрегатты модернизациялоо иштери аяктадыПрезиденттик борт баарына ачылат: Бишкектин четиндеги авиамузей кандай болотКамсыздандыруучулардын кирешеси 35%га өсүп, пайдасы дээрлик үчтөн бирге азайдыКыргызстан Түркмөнстанга мунай продуктуларын түз жеткирүү келишимдерин түзүүнү сунуштады
Кант шаарынын башчысы Улан Майлибашев акимдер менен мэрлер арасында автоматтан ок атуу боюнча мыкты аталды
17.09.2026 | 15:59

Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев райондук мамлекеттик администрация башчылары — акимдер жана шаар мэрлери арасында Калашников автоматынан ок атуу боюнча биринчи орунду ээледи.
Мелдеш 15-сентябрдан 17-сентябрга чейин Ош шаарында өттү. Аны улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы квалификацияны жогорулатуу курсунун алкагында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы уюштурган.


Майлибашев 5,45 мм калибрдеги Калашников автоматынан ок атууда эң мыкты жыйынтык көрсөттү. Биринчи орун үчүн ага КР КК Башкы штабынын грамотасы тапшырылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: кант, Кыргызстан