Кыргызстанда экопродукцияларды жалган маркировкалагандар үчүн айып пул салынат — мыйзам долбоору

17.09.2026 | 15:26
Кыргызстанда экопродукцияларды жалган маркировкалагандар үчүн айып пул салынат — мыйзам долбоору — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда тастыкталган (сертификатталган) органикалык азык-түлүктөрдү сатуу эрежелерин бузгандык жана кадимки товарларга тиешелүү маркировканы колдонгондук үчүн жоопкерчилик киргизүү сунушталууда. «Органикалык өндүрүш жөнүндө» мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске мындай өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова сунуштады.

Мыйзам долбооруна ылайык, тастыкталган органикалык тамак-аш азыктарын жайгаштыруу жана сатуу талаптарын Министрлер кабинети аныктайт. Ошол эле учурда белгиленген талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти бекитүү сунушталууда.

Тастыкталган органикалык продукцияны жайгаштыруу жана сатуу эрежелерин бузгандыгы үчүн жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу каралууда.

«Сертификатталган органикалык товарлар үчүн гана арналган маркировканы органикалык эмес продукцияга колдонгондугу үчүн дагы дал ушундай эле айып пулдар каралган. Бул чектөө „органикалык“, „экологиялык“, „биологиялык“ деген сөздөрдү, алардын айрым бөлүктөрүн жана кыскартылган түрлөрүн колдонууга да тиешелүү болот», — деп айтылат документте.

Ошентип, эгерде продукциянын тиешелүү сертификаты жок болсо, кадимки азык-түлүктөрдү өндүрүүчүлөр жана сатуучулар маркировканы колдонуп, аларды органикалык, экологиялык же биологиялык товар катары көрсөтө алышпайт.

Мыйзам кабыл алынган учурда анын негизги бөлүгү расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ал эми айып пулдарды караган Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр алты айдан кийин колдонула баштайт.

Анара Мамытова

Scroll to Top