Бишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди1-декабрдан тарта Кыргызстандын ИИМ кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт — Садыр ЖапаровФранция жана Германиядагы нааразылыктар: полиция менен кагылышууларКылмыштуулукка каршы күрөш, айлык жана турак жай: минкаб башчысы КР ИИМинин иши тууралуу
Бишкекте «Вефа» соода борборунун үчүнчү кабатынан бала кулап кетти — анын абалы өтө оор
12.08.2026 | 10:10

Бишкектеги «Вефа» соода борборунун үчүнчү кабатынан кулаган беш жаштагы баланын абалы өтө оор бойдон калууда. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков билдирди.
Анын айтымында, бала баш мээсинен жаракат алган жана учурда жасалма дем алдыруучу аппаратта (ИВЛ) жатат.
Окуя кечээ, 11-августта болгон. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн (РИИБ) билдиришкендей, бул факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.
Анара Мамытова