Колумбиядагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 254кө жетти

12.08.2026 | 10:33
Колумбиядагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 254кө жетти — Новости Кыргызстана

Колумбияда болгон катуу жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 254 адамга жетти. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Перейра шаарында 101 адам, ал эми Кали шаарында 95 адам каза болгон. Жер титирөөнүн очогуна жакын жайгашкан Чоко аймагындагы калктуу конуштарда электр энергиясы жана байланыш кызматтары үзгүлтүккө учурады.

Эске салсак, 10-августта Колумбиянын батыш бөлүгүндө күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болгон. Перейра, Кали жана Манисалес шаарларында 1500дөн ашык турак үй жабыркап, 60ка жакын имарат толугу менен кыйраган. Мындан тышкары, 18 оорукана жана 52 мектепке зыян келтирилген.

Учурда куткаруу топтору техникаларды колдонуу менен урандылардын астында калгандарды издөө иштерин жүргүзүп жатышканы айтылды. Өлкө президенти Абелардо де ла Эсприэлья жабыркаган аймактарга барып, турак жайын жоготкон жарандарга жардам берүүнү убадалады.

Scroll to Top