Бишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди1-декабрдан тарта Кыргызстандын ИИМ кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт — Садыр ЖапаровФранция жана Германиядагы нааразылыктар: полиция менен кагылышууларКылмыштуулукка каршы күрөш, айлык жана турак жай: минкаб башчысы КР ИИМинин иши тууралуу
Бишкекте Улуттук филармониянын алдындагы фонтан комплекстери жаңыланды
12.08.2026 | 09:54

Борбор калаадагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы башкы фонтан жаңыланып, техникалык ачылышы болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, фонтан комплексинде жабдуулар алмаштырылып, сууну тазалоо жана жалбырактарды чогултуу системалары орнотулду. Объект жарык жана музыкалык программаларды аткарууга мүмкүндүк берүүчү система менен жабдылды. Мындан тышкары, имараттын түндүк жана түштүк тарабындагы эки фонтан комплексин да реконструкцияланды.

Долбоордун алкагында филармонияга чектеш аймактарды көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Атап айтканда:
- ирригациялык система жана тышкы жарыктандыруу жаңыланды;
- видеобайкоо камералары орнотулду;
- таман таштар төшөлүп, отургучтар жана таштанды челектери алмаштырылды;
- мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн алты пандус орнотулууда.
Мэрия учурда филармониянын имаратынын фасадын жаңылоо иштери уланып жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом