«Тынчтык корпусунун» 24 волонтеру Кыргызстанда эки жылдык кызматын баштады

«Тынчтык корпусунун» 24 жаңы волонтеру ант берип, Кыргызстанда эки жылдык кызматын баштады. Алар өлкөнүн алты облусундагы мектептерде жана жогорку окуу жайларында англис тилин окутууга жардам беришет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Волонтерлор Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарында иштешет. Алар жергиликтүү мугалимдер менен биргеликте окутуунун жаңы ыкмаларын киргизип, тил ийримдерин жана сабактан тышкаркы иш-чараларды өткөрүшөт.
Кызматын баштаганга чейин волонтерлор 11 жумалык даярдыктан өтүшкөн. Окуу программасына кыргыз тилин үйрөнүү, окутуунун методикасы жана өлкөнүн маданияты менен таанышуу кирген.
Ант берүү аземине АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери, илим, агартуу жана тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү, «Тынчтык корпусунун» кеңсесинин жетекчилиги, ошондой эле жергиликтүү мугалимдер жана билим берүү мекемелеринин директорлору катышты.
«Тынчтык корпусу» Кыргызстанда 1993-жылдан бери иштеп келет. Бул убакыт аралыгында республикага жергиликтүү жамааттар үчүн артыкчылыктуу багыттардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн дээрлик 1,4 миң волонтер жөнөтүлгөн.