Бишкекте жылытуу сезону 28-октябрда башталат

26.10.2026 | 13:23
В Бишкеке отопительный сезон начнется 28 октября — Новости Кыргызстана

Бишкекте жылытуу сезону 28-октябрда башталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Мындай чечим абанын температурасынын төмөндөшүнө, гидрометеорологиялык кызматтын божомолуна жана электр тармактарына түшкөн жүктү азайтуу зарылдыгына байланыштуу кабыл алынды. Тургундар үйлөрүн жана социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын барган сайын көбүрөөк керектеп жатышат.

Мэрия бишкектиктерди жылытууну ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Белгиленген критерийлерге ылайык, абанын суткалык орточо температурасы беш күн катары менен +8 °Cден жогору болбогондо жылытуу сезону башталат.

Теги: мэрия
Scroll to Top