Бишкектеги ооруканалар боюнча маалыматтар жайгаштырылган санариптик карта иштелип чыкты

Бишкектеги ооруканалар боюнча маалыматтар жайгаштырылган санариптик карта иштелип чыкты

Бишкектеги ооруканалар боюнча маалыматтар жайгаштырылган санариптик система иштелип чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Электрондук система менен биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков жана вице-премьер Аида Исмаилова таанышты.

Ошондой эле пилоттук режимде медициналык мекемелердеги бош керебет-орундарга мониторинг жүргүзө турган система ишке кирди. Бул ооруканалар менен тез жардам кызматынын өз ара аракеттешүүсүн шарттайт.

«Жарандарга медициналык жардам берүүдө электрондук системанын мааниси чоң. Ал аркылуу ооруканалардагы бош орундарга мониторинг жүргүзүлүп,  103 жана 118 кызматтары бейтаптарды кайсыл медициналык мекемеге алып баруу тууралуу маалымат алат. Бул аркылуу жарандардын өмүрүн сактап калууда убакыт текке кетпейт», — деди Алмазбек Баатырбеков.

Система аркылуу ооруканалардагы, күндүзгү жана түнкү стационарлардагы медициналык жабдуулар жана адистердин саны боюнча да маалымат алууга болот. Маалыматтарды бир тутумга чогултуу үчүн MegaCom компаниясы медициналык мекемелерге смартфондорду акысыз берди.

«Онлайн режиминде иштеп жаткан системага бириктирилген маалыматтар адистерге кырдаалды талдап, мындан аркы чечимдерди кабыл алууга жана иш-аракеттерди моделдөөгө мүмкүндүк берет», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Жарандар https://map.covid.kg шилтемеси аркылуу электрондук системадан маалыматтарды алса болот. Санариптик карта шашылыш негизде иштелип чыккандыгына байланыштуу баштапкы баскычында кемчиликтер кетиши мүмкүн, бирок IT адистери тутумду жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>