ЕАӨБ сомдун курсу туруктуу сакталарын — 2027-жылы бир долларга 89 сом болорун божомолдоодо

Евразия өнүктүрүү банкы 2026–2028-жылдарга карата макроэкономикалык божомолунда кыргыз сомунун курсу туруктуу болорун күтүүдө. Банктын аналитиктеринин баалоосу боюнча, орточо курс 2026-жылы бир доллар үчүн 88 сомду, ал эми 2027–2028-жылдары 89 сомду түзөт.
Сомдун туруктуулугу бир нече факторлор менен камсыздалууда. КР Улуттук банкы ички валюта рыногундагы термелүүлөрдү басаңдатуу үчүн 2026-жылдын январь–апрель айларында рекорддук 893 млн доллар саткан — салыштыруу үчүн, 2025-жылдын бүтүндөй мезгилинде таза сатуу 853 млн долларды түзгөн. Ошол эле учурда алтындын топтолушунун аркасында валюталык резервдер тарыхый максималдуу чекке жетип, 7 айлык импортту жабууга жетет.
ЕАӨБ ошондой эле соода балансынын тартыштыгынын сомдун курсуна тийгизген басымы чектелүү болорун белгилейт: импорттун күтүлүп жаткан өсүшү негизинен эл аралык финансы институттарынан түшкөн валюталык каражаттардын эсебинен каржыланып жаткан мамлекеттик инвестициялык программаны ишке ашырууга байланыштуу. Алтындын дүйнөлүк баасынын жогору болушу кайра баалоонун эсебинен алтын-валюта резервдеринин наркын кошумча көбөйтүп, регулятордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Банктар аралык ченди жогорулатуу аркылуу акча-кредит саясатын катаалдаштыруу да сомдун курсуна колдоо көрсөтөт, деп белгилешет банктын талдоочулары.