Бишкектеги «Орто-Сай» жана «Аламүдүн» базарлары көчүрүлөбү? Мэрдин жообу

Бишкектеги «Орто-Сай» жана «Аламүдүн» базарлары көчүрүлөбү? Мэрдин жообу

Мэрия Бишкектеги «Орто-Сай» жана «Аламүдүн» базарларын шаар сыртына чыгаруу маселесин карап көрүүгө даяр. Бул тууралуу парламентте мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Жыйында депутат Айбек Алтынбеков мэр өз баяндамасында «Ош» базарын борбор калаанын сыртына чыгаруу тууралуу сөз кылганын айтып, «Орто-Сай» жана «Аламүдүн» базарлары да башка көчүрүлөбү деп сурады. Алтынбеков базарларды шаар сыртына чыгарууга каршы экенин айтты.

Жунушалиев учурда алар «Ош» базарын, «Баткен» жана «Сары-Өзөн» базарларын гана көчүрүүнү караштырып жатканын белгиледи. Ошол эле учурда берки эки базарды жылдыруу маселесин кароого даяр.

«Ал боюнча маселе көтөргөн эмеспиз. Бирок караганга даярбыз», — деди ал.

Ошондой эле Жунушалиев «Орто-Сай» менен «Аламүдүн» базарлары жылдыруу маселеси каралып калса, ал жактан соода кылып, азык-түлүк алып жүргөн жарандардын ою эске алынарын билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>