Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын малай тилине которуу мүмкүнчүлүгү каралууда

Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата анын айрым чыгармаларын Малайя университетинин колдоосу менен малай тилине которуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаевдин аталган окуу жайдын жетекчилиги менен болгон жолугушуусунда талкууланды.
КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, жолугушуу 20-октябрда Куала-Лумпур шаарында өткөн. Ага Малай таануу академиясынын деканы Аванг Азман Аванг Пави баштаган университеттин өкүлдөрү катышкан.
Жолугушууда ошондой эле билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы эки тараптуу кызматташтык, жогорку окуу жайлар ортосундагы байланыштар, академиялык алмашуулар жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү уюштуруу маселелери каралган.
Мындан тышкары, тараптар 2027-жылы Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 35 жылдыгына карата университеттин базасында маданий жана академиялык иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн макулдашышкан.