Бишкекте 22 жаштагы Азиза Темирбек кызы дайынсыз жоголуп, учурда изделүүдө. Ал 14-сентябрда дүкөндөн чыккан бойдон жок. Бул туурасында Биринчи Май милициясы билдирүү таратты.
Маалым болгондой, 14-сентябрда калаа тургуну укук коргоочуларга арыз менен кайрылган.
«Ал 1999-жылы туулган кызы Азиза «Башмачок» дүкөнүнөн 14-сентябрда саат 14:00 чамасында чыккан бойдон кайтып келбегенин айткан”
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү ишетри башталды. Учурда кыздын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.