Бишкекте баңгизаттарды кир жуугуч машинага жашырып жеткирүү фактысы аныкталды

24.06.2026 | 10:45
Бишкекте баңгизаттарды кир жуугуч машинага жашырып жеткирүү фактысы аныкталды — Новости Кыргызстана

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек шаарында жана Чүй облусунда психотроптук заттарды таратып жүргөн деген шек менен 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Шектүүнү тинтүү учурунда андан 3 грамм гашиш табылган. Андан аркы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө шектүүгө баңгизаттарды жашыруу үчүн атайын жасалган кир жуугуч машина жөнөтүлгөнүн аныкталган. Аталган техниканын ичинен 1 килограммдан ашык психотроптук зат табылып алынган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалган жаран «К» аттуу интернет-дүкөн үчүн иштеп, баңгизаттарды кабыл алуу, таңгактоо жана «жашыруун коюу» (закладка) жолу менен таратууга жооптуу болгон. Алынган заттардын баасы кара базарда 4,5 миллион сомдон ашып, ал 7 миңден ашык бир жолку дозаны түзгөн.

Учурда бул кылмыштуу тармакка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылып жатканы айтылды.

Scroll to Top