Бишкектин Аламүдүн базарынын айланасы ирээтке келтирилет

Бишкектин Аламүдүн базарынын айланасы ирээтке келтирилет

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан Аламүдүн базарынын айланасында автоунаалардын кыймылын тартипке келтирүү схемасы иштелип чыкты.

Мэриянын маалыматына караганда, «Аламүдүн» базарынын жанындагы Жибек-Жолу проспектисиндеги аялдама комплексти Буденный көчөсүнөн чыгыш тарапка Жибек-Жолу боюнча автотранспорт каражаттарын токтотууга  тыюу салган жол белгилерин кайра куруу менен Курманжан Датка көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейин көчүрүү пландалууда:

— Курманжан Датка көчөсү боюнча Салиева көчөсүнөн Жибек-Жолуна  чейин автотранспорт каражаттарын токтотууга   тыюу салган жол белгилерин орнотуу;

— Автотранспорт каражаттарынын чыгыштан батышка жана батыштан чыгышка карай М. Жалил көчөсү боюнча Буденный көчөсүнөн Курманжан Даткага чейинки жол белгилерин кайра куруу менен кыймылын өзгөртүү;

—  Жол белгилерин өзгөртүп түзүү менен Жибек-Жолу проспектисинин батыш тарабындагы Жибек-Жолуна (түндүк-батыш тарабы) аялдама комплексин көчүрүү;

— Курманжан Датка көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Куликовская көчөсүнө чейин (эки тарапка) автотранспорт каражаттарынын токтошуна   тыюу салган жол белгилерин орнотуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>