Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелет
06.10.2026 | 17:48

Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү (мурдагы Некрасов) темир жол өтмөгү унаалар үчүн жарым-жартылай жабылып турат. Чектөө 8, 9, 10 жана 11-октябрь күндөрү саат 21:00дөн 06:00гө чейин күчүндө болот. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.
Бул чара Бишкек-1 – Бишкек-2 өткөөлүнүн 3778-чакырымында темир жол өтмөгүндөгү тосуучу түзүлүштү алмаштыруу иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт: алгач жолдун бир тарабы жабылып, ал тилке бүткөндөн кийин кыймыл жолдун экинчи тарабы аркылуу уюштурулат.
Ишкана бул иштер Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен макулдашылганын билдирди. Ошондой эле айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап алууну эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом