Кыргызстандын аскерлери Орусиядагы ЖККУнун ири машыгууларына катышууда

28.09.2026 | 10:35
Кыргызстандын аскерлери Орусиядагы ЖККУнун ири машыгууларына катышууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын аскер кызматкерлери Орусиядагы «Чебаркуль» полигонунда өтүп жаткан ЖККУнун «Өз ара аракеттенүү-2026» («Взаимодействие-2026») командалык-штабдык машыгуусуна, ошондой эле «Издөө-2026» («Поиск-2026») жана «Эшелон-2026» атайын машыгууларына катышууда.

Маневрлерге Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын аскердик контингенттери тартылган.

«Өз ара аракеттенүү-2026» машыгуусунун алкагында аскерлер чек арадагы куралдуу кагылышууну чектөө (локалдаштыруу) боюнча биргелешкен операцияны даярдоону жана өткөрүүнү өздөштүрүшүүдө. «Издөө-2026» катышуучулары чалгындоо тапшырмаларын, ал эми «Эшелон-2026» катышуучулары материалдык-техникалык жактан камсыздоо милдеттерин аткарышат.

Жалпысынан машыгууга 2 миңге жакын аскер кызматкери катышып, 350 бирдик курал-жарак жана техника тартылган. Машыгуулардын жүрүшүндө учкучсуз учуучу аппараттар жана робототехникалык комплекстер кеңири колдонулууда.

Кыргызстандын аскерлери Орусиядагы ЖККУнун ири машыгууларына катышууда — иллюстрация

ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Андрей Сердюков машыгуунун ачылышында билдиргендей, биргелешкен ыкчам жана күжүрмөн даярдыкты уюштурууда заманбап куралдуу кагылышуулардын тажрыйбасы эске алынууда.

Анын айтымында, артыкчылыктуу багыттардын катарына ошондой эле ЖККУнун Жамааттык күчтөрүнүн күжүрмөн дараметин арттыруу, аларды заманбап курал-жарак, аскердик жана атайын техника, анын ичинде учкучсуз системалар, чалгындоо жана радиоэлектрондук күрөш каражаттары менен камсыздоо, ошондой эле абадан кол салуудан коргонуу тутумун өркүндөтүү кирет.

«Мунун актуалдуулугу дүйнөдөгү өтө татаал аскердик-саясий кырдаал менен байланыштуу. Эл аралык мамилелердин мындан ары начарлашы, ошондой эле биздин мамлекеттердин чек араларына "туруксуздук аймактарынын" жакындашы аскердик коопсуздукка болгон чакырыктар менен коркунучтардын өсүшүнө алып келүүдө», — деди Сердюков.

Ал түзүлгөн кырдаал согуштук аракеттердин мүнөзүнүн жана мазмунунун өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүүнү талап кыларын белгиледи.

«Артыкчылыктуу багыттарды жетекчиликке алып, биз башкаруу компоненттерин, Жамааттык күчтөрдүн түзүмдөрүн жана алардын заманбап куралдуу жаңжалдардын реалдуу шарттарына болушунча жакындатылган аракеттерге даярдыгын өркүндөтүп жатабыз», — деп билдирди ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы.
Scroll to Top