Бишкектин бир катар конуштарында жана айылдарында 24-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт

24-сентябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын бир катар райондорунда жана чектеш калктуу конуштарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы маалымдады.
Суу өчүрүлүүчү аймактарга Күрөңкеев, Абдрахманов, Бельская, Айдарбеков көчөлөрү, Саадаев көчөсүнүн Күрөңкеев көчөсүнөн Краснодонцев көчөсүнө чейинки бөлүгү, Жибек Жолу проспектиси, БЧК жана Ала-Арча дарыясынын аймактары кирет. Ошондой эле Маевка жана Ала-Арча айылдарында суу берүү токтотулат. Мындан тышкары, чектөөлөр «Красный Строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын-Бешик», «Салам-Алик» жана «Ак-Босого» конуштарын камтыйт.

Суу берүүнү убактылуу токтотуу «Түндүк» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
Мэрия жарандардан жана мекемелерден ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат. Белгилей кетсек, өчүрүүлөр боюнча маалыматтарды «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинен алууга болот.