Дастан Бекешев: Саламаттык сактоого акча бар, бирок дары-дармек жетишсизБишкек–Балыкчы жүргүнчү поезди 26–27-сентябрда кошумча каттамга чыгатГазада урандылардын астынан жүздөгөн сөөк табылды — БУУ соккуларды иликтөөгө чакырдыКыргызстанда жеке медициналык ЖОЖдор билим берүү франшизасына өткөрүлүшү мүмкүнКыргызстандык окуучу Балкан олимпиадасында коло медаль утуп алдыКара-Сууда заводдон чыккан чаң айылды каптап жатат. Тургундар маселени чечип берүүнү суранышууда
Бишкек–Балыкчы жүргүнчү поезди 26–27-сентябрда кошумча каттамга чыгат
21.09.2026 | 14:16

Бишкек–Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезди 26–27-сентябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Мындай чечим коомчулуктун суроо-талабынын негизинде аталган багыттагы транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Поезддин жүрүү убактысы жана жол кире акысы өзгөрбөйт. Каттам мурдагы белгиленген графикке ылайык жүргүзүлөт.
Жөнөө жана келүү убактысы:
- Бишкек-2 бекетинен жөнөө — 08:06;
- Балыкчы бекетине келүү — 12:12;
- «Балыкчы пляж» токтоо пунктуна келүү — 12:37;
- «Балыкчы пляж» пунктунан кайра жөнөө — 18:40;
- Бишкек-2 бекетине келүү — 23:11.
Бишкек-2 темир жол бекети Эркиндик бульвары, 1А дарегинде жайгашкан.
Поезддин курамында 16 вагон каралган. Алар аймактар аралык (МО), «Люкс», «ВИП» жана «ВИП купе» категорияларына бөлүнөт.
Жол кире акысы:
Аймактар аралык вагондор (МО):
- Чоңдор үчүн: накталай — 180 сом, накталай эмес — 150 сом;
- Балдар үчүн (5-10 жаш): накталай — 90 сом, накталай эмес — 73 сом.
«Люкс» вагону:
- Чоңдор үчүн: накталай — 600 сом, накталай эмес — 500 сом;
- Балдар үчүн: накталай — 300 сом, накталай эмес — 250 сом.
«ВИП» вагону:
- Чоңдор үчүн: накталай — 1000 сом, накталай эмес — 800 сом;
- Балдар үчүн: накталай — 500 сом, накталай эмес — 400 сом.
«ВИП-купе» вагону:
- Накталай — 7200 сом, накталай эмес — 6000 сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом