Бишкектин эки конушуна жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө курулат

Бишкектин эки конушуна жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө курулат

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында «Алтын-Казык» жана «Калыс-Ордо» конуштарынын ортосунда көпүрө куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорду мэрдин биринчи орун басары Райым Жолдошов Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин, Швейцария өнүктүрүү жана кызматташуу агенттигинин (SDC), ««GFA Consulting Group GmbH»» компаниясынын, «Карылар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмесинин, №16МАБдын  өкүлдөрү менен талкуулады.

Жыйынтыгында катышуучулар «Бишкекбашкыархитектура» МИге көпүрөнү куруу үчүн жумушчу долбоорду иштеп чыгууга өтүнмө жөнөтүүнү чечишти, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 30% өлчөмүндө кошо каржылоо пландаштырылууда, ал эми калган 70% Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги өзүнө алат.

Белгилей кетсек, жолугушуу Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташуу агенттигинин (SDC), Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен «Карылар үчүн ресурстук борбор» КБ, «GFA Consulting Group GmbH» компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аракет-Кыргызстандын жаңы конуштарындагы жашоону жакшыртуу үчүн» өнөктөштүк долбоорунун 1 – фазасынын алкагында өттү.

Жалпы максат жаңы конуштардагы калктын аялуу топторунун жашоо шарттарын жакшыртуу, ошондой эле тургундар менен бийлик органдарынын ортосундагы кызматташтык үчүн жагымдуу климатты түзүү болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>