УКМК кармаган Темирбаевдин апасынын мүлкү мамлекетке өттү

УКМК кармаган Темирбаевдин апасынын мүлкү мамлекетке өттү

Бишкектин борборундагы «Ай-Пери» бизнес борборунун 30,44% үлүшү Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин карамагына өттү. Бул тууралуу «Акчабар» каржы порталы жазды.

Маалыматка караганда, аталган акциялардын топтому (жалпы 211 миң 357 акция) Бүбүсара Мавляновага (Субанкуловна) таандык болгон.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин маалыматы боюнча, Мавлянова активдерин мамлекетке өз ыктыяры менен 2-ноябрда өткөрүп берген. «Ай-Пери» бизнес борборунун 30,44% үлүшү номиналдык түрдө 243 миң 499 сомго бааланган.

Интернеттеги ачык булактарга ылайык, Бүбүсара Мавлянова 2005-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеген Курманбек Темирбаевдин жубайы болуп саналат. Алардын уулу Арстанбек Темирбаев (Курманбекович) MegaCom компаниясынын директорунун мурдагы биринчи орун басары кызматында иштеген.

Быйыл октябрь айында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийин Арстанбек Темирбаев Кылмыш-жаза кодексинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча шектелип кармалган. Бишкектин Октябрь райондук соттун чечими Арстанбек Темирбаев 6-декабрга чейин камакка алынган.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Кримтөбөлдүн өлүмүнөн кийин УКМК аны менен байланышы болгон деп бир топ адамды кармаган. Алардын арасында спортчу, ишкерлер да бар.

MegaCom’дун директорунун мурдагы орун басары 2 айга камалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>