Бишкектин Кара-Жыгач конушунда №91 мектептин жаңы окуу корпусу салынууда

13.10.2026 | 12:34
Бишкектин Кара-Жыгач конушунда №91 мектептин жаңы окуу корпусу салынууда — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы окуу имаратынын курулушу аяктоо алдында турат. Объект президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.

Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Имарат үч кабаттан турат, анын жалпы аянты 8 миң 234 чарчы метрди түзөт. Объектте окуу класстары, лабораториялар, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттери, медициналык бөлмө, китепкана, ашкана, спорт жана жыйындар залдары каралган. Учурда класстарга суу түтүктөрү тартылып, эмеректер орнотулуп жатканы айтылды.

Министрликтин маалыматында, бүгүнкү күндө имараттын ички жана сырткы жасалгалоо, ошондой эле аймагын тартипке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Корпус пайдаланууга берилгенден кийин мектепте эки нөөмөт менен 2 миңге жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.

Scroll to Top