Бишкектин санитардык-эпидемиологиялык борбордун 4 кызматкеринен коронавирус табылды

Бишкектин санитардык-эпидемиологиялык борбордун 4 кызматкеринен коронавирус табылды

Бишкек шаарында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун төрт кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу 9-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Каратаевдин айтымында, алар менен байланышта болгон дагы алты кызматкер обсервацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Башка кызматкерлер текшерилип, аларда оорунун блгилери жок болгондуктан учурда иштерин улантууда.

9-апрель саат 10:00гө карата, Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузуп алгандардын жалпы саны  280 адамга жетти. Алардын 25и сакайып чыгып, 4 адам каза болгон. Ооруну жугузуп алгандардын арасында 34 медкызматкер бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>