Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды
30.01.2023 | 09:38
Баткен облусунда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, облустук милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Баткен облусунун аймагында жүргүзүлгөн “Экстремист” операциясынын жүрүшүндө мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы аныкталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 65 жаштагы М.М. аттуу жергиликтүү тургун Кылмыш кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.
Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз