Кыргызстан менен Монголия эт азыктарын жеткирүү пландарын белгилештиКыргызстан Кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясына кирүүнү пландап жататКыргызстан менен Орусиянын Экспорттук борбору агропродукцияларды жеткирүүнү кеңейтетЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 20-июнга карата аба ырайыКыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталат
Бишкектин жолдорун оңдоодо 360 млн сом уурдалган
23.11.2021 | 11:27
Бишкектин жолдорун оңдоого кеткен каражаттан 360 миллион сом уурдалган. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиевге шилтеме берүү менен “Азаттык” жазды.
Жунушалиев Бишкектин жолдорун оңдоого жооптуу муниципалдык ишкананын 934 миллион сом дебитордук карызы бар экенин тастыктады.
«934 миллион сомдун баары дебитордук карыз, бирок анын 360 миллион сому уурдалган. Мен азыр жаңы имараттарды кыдырып, жолдордун курулушун текшерем. Аткарылып жаткан иштер, токтоп калган иштер бар. Акча уурдалганы боюнча текшерүүлөр боло баштайт”, – деп билдирет шаардын мэри.
Мэрдин айтымында, чогултулган материалдар тергөө үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.