Быйылкы окуу жылында Таластагы «Акылман» президенттик лицейи окуучуларга эшигин ачатКыргызстанда президенттик шайлоо качан жарыяланарын Дастан Бекешев айтып бердиКыргызстанда айып пулдардан түшкөн каражатка тез жардам унаалары сатылып алынатКыргызстандык окуучу кыз “Билимдин муз жаргычы” экспедициясына катышып, Түндүк уюлга барып келдиКытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы жеткирилди2028-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Россияда өтөт — ЖМК
Бишкектин жолдорун оңдоодо 360 млн сом уурдалган
23.11.2021 | 11:27
Бишкектин жолдорун оңдоого кеткен каражаттан 360 миллион сом уурдалган. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиевге шилтеме берүү менен “Азаттык” жазды.
Жунушалиев Бишкектин жолдорун оңдоого жооптуу муниципалдык ишкананын 934 миллион сом дебитордук карызы бар экенин тастыктады.
«934 миллион сомдун баары дебитордук карыз, бирок анын 360 миллион сому уурдалган. Мен азыр жаңы имараттарды кыдырып, жолдордун курулушун текшерем. Аткарылып жаткан иштер, токтоп калган иштер бар. Акча уурдалганы боюнча текшерүүлөр боло баштайт”, – деп билдирет шаардын мэри.
Мэрдин айтымында, чогултулган материалдар тергөө үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.